ЖМКлар Иран президентинин тик учагындагынын баары көз жумганын жазышууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагындагылардын баары көз жумду деп эсептелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Тилекке каршы, Иран президентинин тик учагынын кыйрашынан улам ичиндегилердин баары каза болгон деп эсептелинүүдө", — деп жазылат маалыматта.
ЖМКлар жекшембиде Раиси менен Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахианды ташыган тик учак өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган чөлкөмүнө кырсыкка учураганын жазып чыгышкан. Жерине куткаруу топтору барып, издөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер, имам жана экипаждын мүчөлөрү болгону айтылууда.
Эскерте кетсек, Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагы Азербайжандан келе жатып кырсыкка учурап, Чыгыш Азербайжан провинциясынын Жулфа шаарына кулаган.
Мамлекет башчынын кортежинде үч тик учак болгон. Кырсык болгон кеменин бортунда президенттен тышкары республиканын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана Чыгыш Азербайжандын губернатору Малик Рахмати болгон. Башка тик учакта бараткан энергетика жана жол министрлери Али Акбар Мехрабиан менен Мехрдад Базрпаш көздөгөн жерине жеткен.
Словакиянын премьер-министрине ок атылып жарадар болду. Видео