Өлкө жетекчилери "катышкан" жасалма видеолор тарап жатканы эскертилди

Жасалма видеолордо белгилүү уюмдарга, тактап айтканда "Кыргызнефтегазга" акча салууга чакырыктар жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Социалдык тармактарда өлкө жетекчилерине окшош адамдар сүйлөгөн жасалма видеожарнамалар тарап жатканын президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, ал видеолордо белгилүү уюмдарга, тактап айтканда, "Кыргызнефтегазга" акча салууга чакырыктар жасалган.

"Шылуундар видеодо өлкөнүн биринчи адамдарына окшотуп, жасалма интеллект менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп иллюзия жаратууда. Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат агенттиктеринин жаңылыктарынын жасалма "скриншотторуна" шилтемелер кетүүдө. Бир караганда бул видеолор чын сыяктуу көрүнөт. Бирок биз бул жасалма экенин баса белгилейбиз", — деп жазган Алагөзов.

Ошондой эле ал өлкө жетекчилигинин атын жамынып, үн жана видеолорду бурмалаган шылуундардын айла-амалдарына алданбай, маалыматты расмий булактардан текшерүүнү эскерткен.
Банктык карта менен алдагандар. ИИМ шылуундардан сак болууга чакырды