Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын (криптовалюта өндүрүү) ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын (криптовалюта өндүрүү) ишине бөгөт коюлду

2 / 3

Жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган.

3 / 3

Учурда тиешелүүлөрдү, ошондой эле келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.

Маалыматка ылайык, жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган.
"Аталган майнинг-фермалардын ээлери "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамды бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тиешелүүлөрдү, ошондой эле келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканы кошумчаланды.
Чүйдө мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды