Радио

Жанкойлиева: кызамык, кызылча оорулары азайып калды

№1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-дарыгери Бактыгүл Жанкойлиева кызылча жана кызамык илдеттери 2023-жылдан баштап баш көтөрө баштаганын айтты.
Sputnik
2023-жылдын эсеби менен кызамык жана кызылча оорусун жуктургандардын саны 7 миңге жетсе, быйыл төрт айдын жыйынтыгы менен 3 969 учур катталган. Бул тууралуу Бактыгүл Жанкойлиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын ичинде оорукадан да илдет жугузуп алгандар болгон. Ушул жол менен да оору тез жайылып кеткен.
"Быйыл кызамык жана кызылча менен ооруган 3 869 бейтаптын 189у ооруканадан жуктуруп алган. Кызамык менен кызылча эң жугуштуу илдеттердин катарында. Буларга суу чечек илдетинин да табияты окшош. Мектепте же бала бакчада бир эле бала суу чечек менен ооруп калса калгандарынын баарына жуктурат. Суу чечектен кийинки орунда эле кызамык менен кызылча турат. Буга чейин өлкөдө абал курчуп кеткен. Учурда бир аз турукташып калды. Суу чечекке каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Ал эми берки экөөнө вакцина бар. Ошол себептен бул илдетти алдын алуунун эң эле башкы жолу — эмдөө. Оору жугузуп алгандан кийин инкубациялык мезгили 21 күндү түзөт. Ушул аралыкта бейтапты абдан жакшы карап дарылоо кажет. Кызамыкта алгач дене табы көтөрүлүп, бейтап алсыз болуп, тамакка табити тартпай, бир аз жөтөлүп баштайт. Мойнундагы бездер чочуп, денесине кызыл тактар чыга баштайт. Анткен сайын дене табы көтөрүлүп 40ка чейин чыгат", — деди Жанкойлиева.
Ал 3 869 бейтаптын 80 пайызга жакыны балдар экенин кошумчалады.