Үч айда Кыргызстанга 50 миң автоунаа импорттолгон. Өлкөлөрдүн тизмеси

Көлүктөр дээрлик 50 өлкөдөн импорттолгон, бирок анын көбү Кытайга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанга 50 миң 403 жеңил унаа алып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Автоунаалар дээрлик 50 өлкөдөн алып келинген.
Импорт боюнча лидерлер (1000ден ашык унаа):
Кытай — 32 125;
Түштүк Корея – 8 065;
АКШ — 2 505;
Германия – 1 822;
Япония – 1 724.
Өткөн жылдын биринчи кварталында өлкөгө 19 миң 835 унаа алып келинген.
Улуттук статистика комитетинин автоунааларды импорттоо боюнча маалыматы (2018-жылдагы маалымат):
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021— 13 116;
2022 — 41 237;
2023 — 184 789.
Ошентип былтыркы учур рекорддук жыл болуп калды. 2024-жылда январдан мартка чейин Кыргызстанга мурдагы беш жылга караганда көп импорттолгон.
Өлкөгө унаа менен келген туристтер машинасын камсыздандырышы керек