КРСУда Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгын талкуулаган семинар өттү

Иш-чара КРСУ жана Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргыз-Россия Славян университетинде "Россия жана Кыргызстан соңку эл аралык шартта: чакырыктар, мүмкүндүктөр, келечеги" аталышындагы эксперттик семинар өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга ылайык, иш-чара КРСУ менен Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган.
"Россия Борбордук Азия өлкөлөрү менен эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө жана чөлкөмдүн мамлекеттери менен соода-экономикалык алаканы өнүктүрүүгө умтулууда. Ошол эле учурда Борбордук Азиядагы коопсуздукту камсыздоо тармагында чакырыктар жаралып, талдоону талап кылууда. Аймактагы өлкөлөр Россия менен биргелешип коомдук-саясий жана идеологиялык өзгөрүүлөрдүн динамикасын түшүнүшү зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Семинарда төмөнкүлөр талкууланды:
орус-кыргыз мамилелери азыркы этапта: келечектүү багыттар, күчтүү жактары, чектөөчү факторлор жана тобокелдиктер;
аймактагы терроризм жана диний-идеологиялык экстремизм коркунучтары, коопсуздук маселелери боюнча Москва менен Бишкектин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү;
Борбордук Азиядагы башка "оюнчулардын" активдүүлүгү;
аймактын суу-энергетикалык көйгөйлөрү;
Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты алга сүйрөй турган энергетикалык жана транспорттук долбоорлор;
коомдук-саясий жана идеялык-нарктык өзгөрүштөрдүн Россия менен Кыргызстандын алакасына тийгизген таасири.
КРСУда Кытай менен Кыргызстандын билим берүү боюнча кызматташтыгы талкууланат