Ирандын президенти Эбрахим Раиси каза болгону тастыкталды

Раиси Иранды 2021-жылдын августунан тарта башкарып келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан көз жумганын РИА Новости Mehr агенттигине шилтеме кылып жазды.
Раиси 64 жашта эле. Ал аталган өлкөнү 2021-жылдын августунан тарта башкарып келе жаткан.
Буга чейин кырсыктаган тик учактагылардын баары көз жумду деп айтылып жаткан.
Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер, имам жана экипаждын мүчөлөрү болгону айтылууда.
Эскерте кетсек, Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учагы Азербайжандан келе жатып кырсыкка учурап, Чыгыш Азербайжан провинциясынын Жулфа шаарына кулаган.
Мамлекет башчынын кортежинде үч тик учак болгон. Кырсык болгон кеменин бортунда президенттен тышкары республиканын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана Чыгыш Азербайжандын губернатору Малик Рахмати болгон. Башка тик учакта бараткан энергетика жана жол министрлери Али Акбар Мехрабиан менен Мехрдад Базрпаш көздөгөн жерине жеткен.
Словакиянын премьер-министрине ок атылып жарадар болду. Видео