Маркум Раисинин милдетин убактылуу Ирандын биринчи вице-президенти аткарат

Биринчи вице-президенттин өлкөнү башкарып турган кезде министрлерди кызматтан алууга же аларга ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө, Конституцияны кайра карап чыгууга, референдум өткөрүүгө укугу болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер өлкөнүн Конституциясына ылайык, тик учак кырсыгынан каза болгон президент Эбрахим Раисинин милдетин аткарат. Бул тууралуу РИА Новости Ирандын ISNA маалымат агенттигине таянуу менен жазды.
"Биринчи вице-президент Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык, президенттин милдетин өзүнө алат. Мыйзам чыгаруу жана сот бутактарынын жетекчилеринен турган кеңеш жана вице-президент өзү 50 күндүн ичинде жаңы президентти шайлоону уюштурууга тийиш", — деп айтылат маалыматта.
Президенттик шайлоо июнь-июль айларында өтүшү мүмкүн экени белгиленди.
Конституциянын 132-беренесине ылайык, биринчи вице-президент өлкөнү башкарып турган кезде министрлерди кызматтан алып же аларга ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт, мындан тышкары, Конституцияны кайра карап чыгууга, референдум өткөрүүгө укугу болбойт.
Ирандын президенти Эбрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бара жаткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктады. Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Анда Раиси жана анын азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев Гиз Галасы ГЭСинин ачылыш аземине жана чек арадагы Аракс дарыясындагы Худаферин ГЭСин ишке киргизүү аземине катышкан.
ХАМАС: Израиль Иранга каршы согушка АКШнын катышуусун каалайт