Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: германиялыктардын 40%ы Украинага кеткен чыгымдарды кыскартууну каалашат

Кийинки каржы жылына Германия Киевге 15 миллиард евро бөлүп бериши мүмкүн. Бул — рекорддук көрсөткүч.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. INSA институтунун Bild үчүн жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, Германия тургундарынын 40 пайызы Киевге жардам көрсөтүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууну жакташат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Германиянын Коргоо министрлиги быйыл Украинага жардам берүү үчүн өкмөттөн кошумча 3,8 миллиард евро сурады. Кийинки жылы бул сумма рекорддук 15 миллиард еврого жетиши мүмкүн. Ал эми финансы министри Кристиан Линднер өлкөнүн бюджетинде мамлекеттик чыгымдарды көбөйтүүгө каражат жетишсиз экенин жарыялады.
Буга байланыштуу жарандарга мамлекет чыгашалардын кайсы беренелери боюнча үнөмдөшү керек деген суроо берилди. Сурамжылоого катышкандардын 40 пайызы Украинага, 38и өнүгүүгө жардам көрсөтүүгө, 36сы мигранттарга берилүүчү жеңилдиктерди кыскартууну колдошкон.
Сурамжылоо 16-17-майда жүргүзүлүп, ага миң адам катышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Көбүрөөк бергиле! Киев Европанын жардамына ыраазы болбой турат