Пресс-борбор

Онищенко ЕАЭБдеги медицинаны санариптештирүү тууралуу айтып берди

Эксперт белгилегендей, азыр жарандар келечекте дарыгерлер жок болуп, ооруларды аппараттар аныктайт деп кооптонуп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын саламаттык сактоо боюнча эксперттик кеңешинин жыйынында КМШ жана Евразиялык экономикалык мейкиндиктин алкагында медициналык документтердин маалыматтарын санариптештирүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын академиги, РФ Билим берүү академиясынын президентинин орун басары, мурдагы башкы санитардык дарыгер Геннадий Онищенко билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан.
Адистин айтымында, амбулатордук карталарды, ошондой эле оору тарыхын санариптештирүү чечими кабыл алынган. Мындай жол менен өнөкөт оорулары бар адамдарга, мисалы, ВИЧ же гепатиттин В жана С түрү менен жабыркагандарга мониторинг жүргүзүүгө болот.
"Бул нерсе чек арадан өткөн адам кайсы бир ооруга чалдыккан-чалдыкпаганын билүү үчүн керек. Бирок мындай маалыматтар тиешелүү кызматтарда иштегендер үчүн гана жеткиликтүү болушу керек. Бул жерде медициналык этика маселеси чоң роль ойнойт. Ден соолугунун абалы жөнүндө бүткүл дүйнө билүүсүн каалагандар аз. Бирок туура дарылоо үчүн дарыгерлер диагнозду билиши керек", — деди Онищенко.
Эксперт белгилегендей, жарандар келечекте дарыгерлер калбай, ооруну аппараттар аныктайт деп кооптонууда. Онищенконун айтымында, бул — жаңылыш ой.
"Машина сунуш кылат, ал эми дарыгер диагноз коёт", — деди адис.
Академик Кыргызстанга медициналык туризмди санариптештирүүнү сунуштады.
"Мисалы, Ысык-Көл, Сары-Челек көлү, Жалал-Абаддагы курорт жана башка тоолуу эс алуу аймактары тууралуу маалыматты кеңейтүүгө болот. Адамдар пансионаттар тууралуу маалымат менен таанышып, ал жакка баруу же барбоо чечимин кабыл алуусуна шарт түзүп берүү керек", — деди Онищенко.
Радио
ЕАЭБде транспорт коридорлорун өнүктүрүүчү иш-чаралардын планы бекитилди