БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Анда окуу процессин калыбына келтирүү маселеси талкууланды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
"Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат", — деди Эдил Байсалов.
Ал ошондой министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жаштар менен тарбиялык-педагогикалык иштерди уюштуруу, өлкөгө мыйзамсыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө келиши жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери караларын кошумчалаган.