Президент Бишкектеги түнкү жаңжалдан жабыркагандарды акысыз дарылоону тапшырды

Жалпы 41 адам медиктерге жардам алууга кайрылып, 11 бейтап ооруканада дарыланып жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров чет элдиктер аралашкан жаңжалдан жабыркагандарды акысыз дарылоону тапшырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтканын Медиаштабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 41 адам жардам алууга кайрылса, анын ичинен 11 бейтап ооруканада дарыланууда.
"Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Алардын бири башынан жаракат алган. Экинчисинин жамбаш сөөгү сынган. Абалы туруктуу деп бааланууда. Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө бир жабырлануучу дарыланууда. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле 19-майда дагы 8 чет элдик жаран медициналык жардам алууга кайрылган. Экөөнүн мурду сынып, калгандары башынан жаракат алган. Алардан Алымкадыр Бейшеналиев кабар алып, жардам көрсөтүү жеке көзөмөлүндө экенин айткан.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жабыркагандарды дарылоо жана керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бардык чыгымдар акысыз болот", — деп кошумчалады министр.
Эске салсак, 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде жашаган чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган. Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен. Кийин ИИМ мушташты кыргыз жарандары баштаганын белгилеген. https://sputnik.kg/20240518/bishkek-mushtash-migrant-bashamalandyk-iim-1085243889.html
ИИМ учурда ордо калаада абал туруктуу экенин белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө турганын айтууда. Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.
Эдил Байсалов пакистандык студенттер жашаган жатаканага барды