Бишкекте чет элдиктерге 13-май күнү кол салган деп үч бала кармалды

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектин Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканада чет элдик жарандарды тоноого шектелип үч бала кармалганын ИИМ билдирди.
Балдардын бири 18 жашта, экөө 19да. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси менен иш козголгон.
ИИМ 13-майга караган түнү болгон окуялардын хронологиясын кайталады. Шектүүлөр менен чет элдиктердин ортосундагы чыр Чыгыш-5 кичи районундагы пиццериянын жанында башталган. Министрлик билдиргендей, балдар чет элдиктерди жатаканага чейин кууп, андан соң күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын алышкан. Жатаканада жашагандар каршылык көрсөткөндөн кийин алар качып кетишкен. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
18-майга караган түнү бул окуядан улам Бишкектин чыгышында тополоң болуп, 41 адам жабыркаган. 18-майда эртең менен Ички иштер министрлиги борбор калаада абал калыбына келип, көзөмөлгө алынганын кабарлады.
Садыр Жапаров: чет элдиктерге кол салгандардын баары жазаланат