21-майга карата аба ырайы

21-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас, Ысык-Көл аймактарында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Нарын жергесинде +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +20...22, Ош шаарында +24...+26 градуска жетет.
Бишкектин мэри: Ататүрк паркындагы үйлөр соттун чечимисиз буздурулбайт