Капиталисттерди суктандырган Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ССРдин экономикасы

Sputnik
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишкен Советтер Союзунун экономикасы албетте кубанарлык эмес эле. Армиясы да, акчасы да өзүнөн кубаттуулук кылган фашисттик Германияга бүтүндөй Батыш мамлекеттери жардам көрсөтүп турган. Ошол кездеги СССРдин союздаштары болгон АКШ менен Улуу Британия экинчи фронт ачууга шашылбай, “ким жеңип баратса ошол тарапта болобуз” дегендей позицияны карманышкан. Ошого карабай өз жерин басып келген фашисттерге каршы туруп, кан майданга бүтүндөй эр-азаматтар кетип, орукта калган кары-картаң, жаш балдар өлкөнүн экономикасына күч берип турушкан. Фашисттер менен салгылашуу менен катар эле өндүрүш өсүп, айыл чарбасы жолго коюлуп, ал тургай илим-билим, маданият гүлдөп өнүккөн.
Мындай ийгиликке Советтер Союзу кантип жетишкен? Улукман Мамытов айтып берет.