Сибирь жарасы: өлүмгө алып келген оорудан сактануу мүмкүнбү?

Sputnik
16-майда Кеминде 34 жаштагы адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылганын Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады. Ага ылайык, 3-май күнү торпок союлуп, 80-100 килограмм эт таратылган. Эпидемиологдор мал аталган илдетке каршы эмдөө албаган болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Буга чейин Жалал-Абаддан келген аялдан күйдүргү аныкталганын Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдаган.
Биз сибирь жарасы кандайча жугуп, кандайча өнүгөрү, дарылоо жана алдын алуу тууралуу сөз кылдык.