И.Сталиндин ар бир 15 республиканы ООНго мүчө кылуу ниетинен ошол кездеги союздаштары чочулап коюшкан. КРдин ТИМине 80 жыл!

Sputnik
Быйыл КРдин Тышкы иштер министрлиги өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгилөөдө. 1944-жылы түзүлгөн Улуттук комиссариатты Казы Дыйканбаев жетектеген. Улуу Ата Мекендик согуштун соңку жылдарында фашизмге каршы турууда мамлекеттердин башын бириктирген уюмдун зарылдыгы тууралуу СССРдин жетекчилиги сунуш кылып, Аны АКШ жана Улуу Британия колдоп, жыйынтыгында БУУ түзүлгөн. И.Сталиндин аталган уюмга Советтер союзунун 15 республикасын тең мүчө кылуу сунушунан чочулаган андагы союздаш өлкөлөр буга жол беришкен эмес. Ошентсе да СССРдин ичинде ар бир мамлекеттин өз алдынча сырткы алака иштерин жүргүзө алган комиссариаттар түзүлгөн. Андан бери бир кылымга чукул убакыт өттү.
Эгемендүү Кыргызстан болуп жарыяланган соң министрлик статусуна ээ болгон ТИМдин баскан жолу, азыркы абалы жана ишмердүүлүгү тууралуу дипломат Аликбек Жекшенкулов айтып берди.