ӨКМ: Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 7 жана 8 жаштагы эки кызды издөө уланууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районуна караштуу Михайловка айылында жети жана сегиз жаштагы кыздар Жыргалаң суусуна түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
19-майда издөө иштерине 37 куткаруучу, бир дрон жана эки кайык тартылган. Мындан сырткары, ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөө иштерине көмөктөшүүдө
Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарында сел жүрдү. Видео