Жалал-Абад шаарында 10 миң киши бата турчу мечит курулат

Камчыбек Ташиев мечиттин курулушун өзү көзөмөлдөй турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында эски борбордук мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 17-май күнү жума намаз маалында мечиттин курулуш иштерин өзү көзөмөлдөй турганын билдирген.
"Мечиттин курулуш иштерин өзүм көзөлдөп турам. Урматтуу президентибизден уруксат алдык. Садыр Нургожоевич да курулуш иштерине колдоо көрсөтөрүн айтты", — деген ал.
Мечит 10 миң адамга ылайыкталып, эки жылда курулуп бүтөрү айтылды.
Ысык-Атада мечит катары колдонулуп келген мектеп мамлекетке кайтарылды