Радио

Мамытов: пландык экономиканын күчүн согуш жылдарынан айкын көрө алабыз

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы СССРдин экономикасына токтолду.
Sputnik
Улуу Ата Мекендик согушта экономикасы өзүнөн алда канча күчтүү өлкөнү СССРдин жеңгенинин негизги себептеринин бири Иосиф Сталиндин мыкты башкаруучулугу жана Лаврентий Бериянын кыйын уюштуруучулугу болгон. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Лаврентий Берияны окумуштуулар XX кылымдын эң күчтүү менеджери деп аташат.

"Өндүрүштү жолго коюп алууга бизде 10 гана жыл бар" деп айткан Сталин. Анткени 10 жылдан соң фашисттик Германия СССРге кол салышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар ага жеткен. Айтканындай эле туура 10 жыл өткөн соң Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Мына ушул 10 жыл ичинде жаш советтик өлкө бир нече завод, фабрикаларды куруп, дыйкан чарбасын жолго салып, ошол ири ишканалардын көчүрмөлөрүн СССРдин батышына да, чыгышына да орнотууга жетишкен. Ал тургай өндүрүш, курулуш иштери согуш жылдарында токтогон эмес. Илим-билим, маданият да кан күйгөн согушка карабай пландык негизде иштеп турган. Кыйын окумуштуу, инженерлер аймактарга жиберилип, индустрия жолго коюлган. Кыргыз ССРине эле 300 миңдей агартуучу үй-бүлөсү менен көчүрүлгөн. Мунун баары И.Сталиндин мыкты башкарма экенин билдирсе, ошонун баарын уюштуруп турган Л.Берия болгон. Тарыхта мындай ири көчүрүүлөр, ташуулар буга чейин жана кийин деле болбогонун айтып келишет. Жүз миңдеген адистерди үй-бүлөсү менен, ири завод, фабрикаларды көчүрүү жана алардан чыккан продукцияны кайра үзгүлтүксүз фронтко жеткирип туруу иштери чындыгында кынтыксыз ишке ашып келген. Мунун бардыгы социалисттик өлкө тандап алган пландык экономиканын күчүн агийнелеп турат", — деди Мамытов.

Ал тарыхта экономикалык кризиске дуушар болгон учурда либералдык экономиканы карманган мамлекеттер деле пландык экономикага ыктап калган мисалдар көп экенин кошумчалады.