Түптө ийне жана жазы жалбырактуу бактардын 332 миң түп көчөтү тигилет

Түптө ийне жана жазы жалбырактуу бактардын 332 миң түп көчөтү тигилет
Көчөттөр Ак-Сай тилкесиндеги 300 гектар аянтка отургузулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Түп токой чарбасы Каркыра токоюнун Ак-Сай тилкесинде жашылдандыруу акциясын баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМге караштуу Токой кызматы бул аймактагы 300 гектар аянтка бак-дарак тигери белгиленди. Анда ийне жана жазы жалбырактуу бактардын 332 миң түп көчөтүн отургузуу пландалууда.

"Токой кызматы " Жашыл Кыргызстан" акциясын ийгиликтүү өткөрүү үчүн Түп токой чарбасына бак тигүүгө жардам берүүгө Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 13 токой чарбасын жумушка тартты. Мындан сырткары, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү, "Кумтөр голд компани", эл аралык уюмдар катышат", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ошондой эле бул жылы республика боюнча токой чарбалардагы 1,5 миң гектардан ашык аянтка бак-дарак отургузуларын кошумчалашты.
Эскерүү багыменен Кара-Балтада 500 түп көчөт отургузулду
"Эскерүү багы" менен Кара-Балтада 500 түп көчөт отургузулду. Сүрөт