Дүйнөнүн түркүгү — энелер. Президент Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады

Президенттин куттуктоосунда эненин бийик зоболосун нарк-насил менен жашаган кыргыздын турмушу ырастап турары айтылып, кыргыз наркында эненин орду бийик экени жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Энелер күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
Өлкө башчы май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленерин, бул күн ар бир жарандын жүрөгүндө мээримдүүлүк, боорукерлик сезимин козгоо менен дүйнөдө энеден өткөн ыйык эч ким жок экенин эске салып турарын айткан. Ошондой эле анда эненин бийик зоболосун нарк-насил менен жашаган кыргыздын турмушу ырастап турары айтылып, кыргыз наркында эненин орду бийик экени жазылган.
"Элибиз эчактан эле бүтүндөй бир мамлекеттин пайдубалы эне кармап турган бекем үй-бүлөдөн башталарын жаземдебей түшүнүшкөн. Мындан улам, эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, үй-бүлөнүн отун өчүрбөй улай турган касиетке эгедер экенин билип, аздектеп, сыйлап келишкен. "Дүйнөнүн түркүгү – энелер" деген акылман элибиз", — деп жазылган куттуктоодо.
Ошондой эле Садыр Жапаров бабалардан келаткан мындай наркты абийирдин мыйзамы катары тутунуп, жаштар энени терең урматтаган адамдык улуу сапатка ээ болушу керектигин айткан.
Соңунда президент энелерге үй-бүлөлүк чексиз бакыт каалап, алар жашоонун тиреги, өмүрдүн соолугус булагы болуп жүрө беришин тилеген.
150 баланы багып алган 18 жаштагы кыз. Кыргыз элинин эрдиги жөнүндө видео