Кыргызстан жана Пакистандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Кулубаев эки өлкөнүн алакасына терс таасирин тийгизе турган жалган маалыматтарга бөгөт коюп, такталгандары менен иштөө манилүү экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстан жана Пакистандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарга ылайык, Жээнбек Кулубаев кесиптеши Мохаммад Исхак Дарга 18-майда чет элдиктердин, анын ичинде пакистандыктардын катышуусунда болгон окуя боюнча маалымат берип, кырдаал компетенттүү органдардын көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Ал чет элдик, анын ичинде пакистандык ЖМК, социалдык тармактарда окуя боюнча жалган маалыматтар тарап жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кулубаев эки өлкөнүн алакасына терс таасирин тийгизе турган жалган маалыматтарга бөгөт коюп, такталгандары менен иштөө манилүүлүгүн айтты.
Мохаммад Исхак Дар коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар үчүн ыраазычылык билдирди.
Алар 21-майда Астанада ШКУнун кеңешинин алкагында жолугушуу уюштурууну макулдашты.
Тараптар Кыргызстан менен Пакистан эли боордош экендиги жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту, кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгын белгилешти.
Кыргызстандын жана Пакистандын ТИМ башчылары Астанада жолугат