Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Алгачкы 10 тонна эт жөнөтүлдү

Эт комбинаты. Архивдик сүрөт
18-майда 10 тоннага чукул тоңдурулган койдун этинин биринчи партиясы Иранга жөнөтүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-майда 10 тоннага чукул тоңдурулган койдун этинин биринчи партиясы Иранга жөнөтүлгөн.
"Бардык продукцияга ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө жана контролдоо иш-чаралары, ошондой эле сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Аптасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин, жалпы 1000 тонна койдун этин экспорттоо пландалып жатканы айтылды.
ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору боюнча макулдашты
ЕАЭБ менен Иран “Евразиялык агроэкспресс” долбоору боюнча макулдашты