Жаан-чачын басылабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Келерки жума дагы күндүн көзү ачылбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги 25-майга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, жума ичи жаан-чачындуу болуп, абанын температурасы дагы төмөндөйт.
Бишкек шаарында 19-20-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. 21-майда асманды ала булут каптап, жаан себелейт. 22-23-май күндөрү кайра жаан жааса, 24-25 майда өткүн өтөрү болжолдонду.

Чүй

19-20 майда күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Андан кийинки күндөрү дагы күндүн көзү ачылбайт.

Талас

Облуста 19-майда күндүз жана 20-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. 25-майда гана өткүн өтпөсө, башка күндөрү жаан басылбайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Аймактарда 25-май күнү гана күн ачык болбосо, башка күндөрү жаан жаайт. Бирок көпчүлүк убакта түнкүсүн асман ачык болот.

Ысык-Көл, Нарын

Түндүк аймактарында дагы ушундай аба ырайы болжолдонгон. Жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу аймактарга кар түшөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 19-20-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы