Радио

Учкеев: дүйнөлүк фестивалдардан байге алган кыргыз кинолору көбөйдү

Кинорежиссер Медин Учкеев кино жаратуучулар улуттук идеологияны көтөргөн тасма жаратса мамлекет тарабынан колдоого алынарын айтты.
Sputnik
Автордук тасмалардын дүйнөлүк кинофестивалдарда баш байгелерди багындырып жатканы кубандырат. Бул кыргыз киносунун өсүп баратканын билдирет. Мындай пикирин Медин Учкеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өз каражатына кино тарткан режиссерлорду өтө курч сындоого болбойт.

"Азыркы кыргыз режиссерлору сындалып жүрүп курчуду. 2000-жылдары кыргыз киносунун жаңы толкуну башталган учурда кино жаратуучулар элдин бир топ сынына кабылган.Чет элдик тасмаларга салыштырып, "силер эмнеге мындай тасмаларды тарта албайсыңар" деп шылдыңдашчу. Ошондой доорду басып өтүп кыргыз киносу кайрадан көрүүчүлөрүн топтой алды. Демек, сапат жагынан жылыш бар. Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында "тасмасын алып карасак болот. Бир ай бою аншлаг менен коюлуп, кинотеатрларда билеттер калбай калганы буга далил. Мындай көрүнүштөр кыргыз режиссерлорун кубантпай койбойт", — деди Учкеев.

Ал кино жаатын өнүктүрүү үчүн дагы деле болсо каражат маселеси курч бойдон калып жатканын, "кыргыз кереметине" жетүү үчүн азыркыдан да көбүрөөк колдоо зарылдыгын кошумчалады.