Иранда президент Раиси бараткан тик учак кырсыктады

Тик учактын кайда кырсыктаганы аныкталды, бирок куткаруучулар ага жете элек.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кырсыкка учурады.
РИА Новости жергиликтүү басылмаларга таянып кабарлагандай, тик учак Чыгыш Азербайжан провинциясынын Жулфа шаарына кулаган.
Мамлекет башчынын кортежинде үч тик учак болгон. Кырсык болгон кеменин бортунда президенттен тышкары республиканын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана Чыгыш Азербайжандын губернатору Малик Рахмати болгон. Башка тик учакта бараткан энергетика жана жол министрлери Али Акбар Мехрабиан менен Мехрдад Базрпаш көздөгөн жерине жеткен.
IRNA маалымат агенттиги куткаруучулар аймакка жетип, издөө иштерин баштаганын билдирди. Операцияга 16 отряд катышууда. Ал жакка куткаруучулары бар тик учак да жөнөтүлгөн, бирок ал аба ырайына байланыштуу коно албай, артка кайтууга аргасыз болгон.
Кийинчерээк Tasnim агенттиги президенттик учактын так жайгашкан жерин аныктоо мүмкүн болгонун кабарлады. Ал Узи кыштагына жакын алыскы аймакка кулаган. Кырсык болгон жерге сегиз тез жардам унаасы жөнөтүлдү.
Раиси Азербайжанга жекшемби күнү барган. Ал жерде өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен бирге Худаферин ГЭСин ишке киргизүү аземине жана Араз дарыясында курулган Гиз Галасы ГЭСинин ачылышына катышкан.
ХАМАС: Израиль Иранга каршы согушка АКШнын катышуусун каалайт