Аялдардын 64 пайызы айылда жашайт. Энелер күнүнө карата фактылар

Президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан тартып май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Улуттук статистика комитети Энелер күнүнө карата бир катар фактылардын жана сандардын топтомун жарыялады.
Анда президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан тартып май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленери айтылган.

"Кыска мөөнөткө карабай бул майрам салтка айланууга жетишти. Бала бакчаларда белектер, майрамдык концерттер даярдалат. Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Теледе бул майрамга арналган берүүлөр көрсөтүлөт. Энелер күнү үй-бүлө очогун сактоочуларга – энелерге таазим кылууга жана сый-урмат көрсөтүүгө үндөйт", — деп жазылат маалыматта.

Статком жарыялаган фактылар:
республикада 3 миллион 619 миң аял бар, алар калктын 50,5 пайызын түзөт. Булардын ичинен 1 миллион 311 миңи (36% дан ашыгы) шаар, 2 миллион 308 миңи (дээрлик 64%) айылда жашайт;
2023-жылы энелердин орточо төрөт курагы төмөндөп, 28,3 жашты түздү (2022-ж. – 28,4 жаш), шаарда 28,9 жана айылда 28,1 жашты түздү;
былтыр 146 миңге жакын аял эне болгон. Энелердин биринчи төрөтүнүн орточо жашы 23-24 жаш. Орто эсеп менен бир аял үч балалуу болот. Бул жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.
2023-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны көбөйгөнү байкалган. Алсак, 2023-жылы 1 298 эгиз (2022-жылы — 1001) жана 14 үч эм (2022-жылы — 4) төрөлгөн.
33,5 пайызында төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылга жетпейт. Ал эми 42,1 пайызыныкы үч жылды түзөт.
2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдарга орто эсеп менен үч бала туура келет. Бул калктын өсүшүн камсыз кылууга жетиштүү.
Дүйнөнүн түркүгү — энелер. Президент Садыр Жапаров Энелер күнү менен куттуктады