Көп балалуу аялдарга Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы берилди. Тизме

Жалпы жонунан 953 энеге сыйлык берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге Баатыр эне орденин жана Эне даңкы медалын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Баатыр эне ордени жети жана андан көп баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган энелерге, Эне даңкы медалы алты баланы жарыкка алып келген энелерге берилет.
Маалыматка ылайык, Баатыр эне орденине жалпы жонунан 588, ал эми Эне даңкы медалына 362 аял татыктуу болгон.
Сыйга кимдер татыктуу болгонун президенттин сайтынан көрүп-билүүгө болот.
Элмирбек Иманалиевге Эмгек баатыры наамы берилди