Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бул биринчи эле кадам... Зеленский РФ армиясынын Харьковго жылышы тууралуу

Зеленский Россиянын чабуулу "бир нече толкун менен болорун" болжолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия аскерлеринин Харьков облусуна жылышын жаңы чабуулдун "алгачкы гана кадамы" экенин айтты. Бул тууралуу ал France Presse агенттигине берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Зеленский Россиянын чабуулу "бир нече толкун менен болорун" болжолдогон. Анын айтымында, "биринчи толкун" Харьков облусуна болду.
Ал учурда Украинада зарыл болуп жаткан абадан коргонуу каражаттарынын 25 пайызы гана бар экенин, Россияга каршы туруу үчүн Киевге 120дан 130га чейин заманбап учак керектигин белгилеген.
Агенттик Зеленский армияда адамдар жетишпей жатканын моюндаганын да жазды.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги "Түндүк" аскерлер тобунун бөлүктөрү жума ичинде Харьков облусундагы 12 калктуу пунктуну бошотконун билдирген.
Кечээ Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын Харбин шаарында сүйлөп жатып, россиялык аскерлер Харьков облусунда күн сайын ийгиликтерге жетишип жатканын, бирок Харьковдун өзүн алуу планы азырынча жок экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
CNN Харьков багытында Киев аскерлеринин даярдыгы начардыгын айтты