Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Россия Украинаны качан демилитаризациялап бүтөрү айтылды

АКШнын отставкадагы офицери Россия аскерлеринин өмүрүн сактоо үчүн жай, бирок жыйынтыктуу аракеттерди жасап жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россия жакын арада Украинаны толугу менен демилитаризациялоо боюнча максатына жете алат. Мындай пикирин АКШнын деңиз аскерлери бөлүмүнүн отставкадагы офицери жана аскердик аналитик Скотт Риттер РИА Новости агенттигине билдирген.
Буга чейин Британиянын Times гезити Украинанын атайын операция жүрүп жаткан аймагына андагы абалды өзгөртүү үчүн Батыштын жардамы өз убагында келер-келбеси тууралуу кептин айланасында талдоо жүргүзүп, алдыдагы бир нече апта Украина үчүн чечүүчү мезгил болорун жазган.
"Мен Батыштын кандайдыр бир мөөнөттөрдү айтып жаткан боолголоосуна кошула албайм. Ал эми жыйынтыктуу иштеп жаткан Россиянын пикирин туура көрөм, Россия ийгиликке жетерине да ишенем. Жакын арада россиялык аскерлер Украинанын Куралдуу күчтөрүн толугу менен жок кылуу максатына жетет", — деген Риттер.
Ал Россияда стратегиялык артыкчылык бар экенин, муну аталган өлкө толугу менен колдонуп жатканын да белгилеген.
"Эми Украина армиясы ыдырай берет. Тилекке каршы, бул миңдеген украиналык аскерлер каза болот дегенди билдирет... Согуш – абдан каардуу нерсе, анын уланышы Украина элине да, Россия элине да өлүм, азап, кайгы гана алып келет. Бирок бул Укрианын башчысы тандап алган жол жана Россия ошол жол менен жеңишке жеткенге чейин жүрөт", — деп белгилеген отставкадагы офицер.
Анын айтымында, Россия ушу тапта жеңишке жетерине көзү жетип калган баскычта турат. Максатка жетүүнүн кандайдыр бир мөөнөтүн койбой эле алдыга жылууда. Мындан тышкары, Риттер Россия аскерлерин өтө кооптуу абалга кептебөө, алардын өмүрүн сактоо үчүн жай жүрүүнү туура деп эсептей турганын билдирген. Сөзүнүн соңунда Риттер Батыш ЖМКлары Укрианага аскердик кошумча жардам берүү менен абалды өзгөртүүгө болот деп ишенишкени менен андагы чыныгы жагдайдын кандай экенин акыры түшүнүшө башташканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина армиясы Россия аскерлери атайын операцияда күчтөнгөнүн мойнуна алды