Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарында сел жүрдү. Видео

ӨКМ кырсыктан жабыркагандар жок экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Куткаруучуларга Ош шаарынын Достук кичи районундагы эки үйдүн, Чкалов көчөсүндө бир үйдүн жер төлөсүн суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын кесепетин жоюуга министрликтин Ош шаардык башкармалыгынан 58 куткаруучу тартылды.
"Кара-Суу районундагы Ош – Папан – Кожо-Келең унаа жолунда сел жүрүп шагылга толтуруп салган. Жол жабылган. Ага жол тейлөө ишканасынан экскаватор тартылды. Мындан тышкары, райондогу Садырбай – Каратай унаа жолунун Кызыл-Ордо участкасын сел жеп кеткен. Өзгөн шаарында жүргөн селден суу турак үйдү каптаган жана Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолуна кум-шагыл топтолуп калган. Унаа жолу жабылып, учурда ыкчам топ иш алып барууда", — дешти ӨКМден.
Ошондой эле Ош облусунун Ноокат районунун Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна да саат 12:00дөр чамасында сел жүрүп, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн барган ыкчам топ жүктөгүч техникасы менен жолду ачышканын кошумчалашты. Министрлик кырсыктан жабыркагандар жок экенин белгиледи.
ӨКМ селдин жүргөн себептерин санап берди