Күн жылыды, сууга түшүүдө этият болгула! ӨКМдин эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көлдө ӨКМдин кызматкерлери жай мезгилиндеги сууга түшүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Куткаруучулар окуучуларды сууга түшүүдө этият болууга чакырууда. ӨКМ тыюу салынган агын суу, канал, көлмө жана дарыяларга түшүүгө болбой турганын эскертет", — деп жазылат маалыматта.

Министрлик сууга түшүүдө эске алчу эрежелерди байма-бай айтып келет. Алсак, түбү ылай, сормо, баткак, балыр болсо, ал жерге түшпөш керек. Балага көл жээгинен алыска сүзүп кетпөөсүн эскертип туруу шарт.
ӨКМ балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертти