ИИМ жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого чакырды

Милиция мыйзамсыз аракеттердин кесепетин эскертип, ата-энелерден балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында түндө болгон окуяга байланыштуу жарандарды, өзгөчө жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого чакырды. Мекеме тургундарга мыйзамсыз аракеттерди жасоонун кесепеттерин унутпоону эскертти.
"Мындай аракеттер мекеме, уюмдардын кадимки ишин бузат. Жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туудуруп, жашоочулардын эркин жүрүү жана башка укуктарын бузат. Тургундарды чагымчылыкка алдырбоого, жоопкерчиликти сезүүгө чакырабыз. Уруксат берилбеген иш-чараларда уюштуруучулар, чагымчылар тарабынан коомдук тартипти бузууга, кырдаалды курчутууга багытталган аракеттерине тушугуу тобокелдиги күч", — деп айтылат ИИМдин кайрылуусунда.
Ошондой эле министрлик ата-энелерден балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү суранат. Милиция укук бузууларга, коомго жат жүрүм-турумга жол бербөө максатында мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюуга багытталган бардык зарыл чараларды көрөрүн белгиледи.
Ачууланып, кызуу кандуулукка алдырбагыла! Муфтият элди сабырдуулукка чакырды