Ачууланып, кызуу кандуулукка алдырбагыла! Муфтият элди сабырдуулукка чакырды

Түндө Бишкекте болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы кайрылуу жасады.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Муфтият элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулук менен акылмандыкты көрсөтүүгө чакырды.
"Эгерде кимдир бирөө мыйзам бузуп кылмыш кылган болсо, чара көрө турган мамлекетибиз бар. Баарын мыйзам жана абийир алдында тескей турган укук коргоо органдарыбыз бар", — деди Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы.
Мекеме окуяга кара санаган күчтөрдүн чагымы да себеп болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда.
Саламаттык сактоо министрлиги башаламандыктан 29 киши жабыркаганын кабарлады.
Пакистандын премьер-министри түндө Бишкекте болгон окуя боюнча үн катты