Жапаров Кытайдын мамкеңешинин вице-премьерин кабыл алды. Эмне тууралуу сөз болду

Лю Гочжун Кытай төрагасы Си Цзиньпин темир жолду куруу долбоорун активдештирүүгө чакыргандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Садыр Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык тармактарда кызматташууну талкуулашкан.
"Жапаров Кыргызстандын Кытай менен мамилеси активдүү динамика менен мүнөздөлөрүн, аталган өлкө Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи. Президент Кыргызстан Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак – бир жол" демилгесин биринчилерден болуп колдогонун, ал биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги булак жана импульс катары каралып жатканын эске салды", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алаканы жаңы деңгээлге көтөрө турган ири транспорттук долбоор болушу керектигин жана куруу иштери жакын арада башталарына ишенимин билдирген.
Өз кезегинде Лю Гочжун жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирген. Ал өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү дээрлик 20 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткенин белгилеген. Мындан ары да Кытайдагы ири ишканаларды Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга үндөй турганын кошумчалаган.
"Лю Гочжун Кытай төрагасы Си Цзиньпин темир жолду куруу долбоорун активдештирүүгө чакыргандыгын, бул боюнча 20 жылдан бери сүйлөшүүлөр жүргөнүн, эми аны ишке ашыруу мезгили келип жеткендигин белгиледи", — дешти президенттик администрациядан.
Мындан тышкары, тараптар кыргыз-кытай чек арасында кошумча өткөрүү пунктуларын ачуу, авиакаттамдарды жакшыртуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык фонд түзүү боюнча пикир алмашышкан.
Кыргызстан менен Кытай "Бедел" бекетин ачуу боюнча иштерди баштады