Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү 20 млрд. долларга жетти

Минкаб төрагасы өкмөт "Торугарт", "Эркеч-Там" пунктулары аркылуу өткөн жүктөрдү күнүнө 1000 унаага жеткирүүнү максат кылып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өкмөт "Торугарт", "Эркеч-Там" пунктулары аркылуу өткөн жүктөрдү күнүнө 1000 унаага жеткирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолугушууда билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.
1 / 5

Өкмөт "Торугарт", "Эркеч-Там" пунктулары аркылуу өткөн жүктөрдү күнүнө 1000 унаага жеткирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолугушууда билдиргенин өкмөттөн маалымдашты

2 / 5

Кытай тараптын маалыматы боюнча, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылдын жыйынтыгында 19 миллиард 804 миллион долларды түздү, бул жагымдуу көрсөткүч. 2022-жылдагыга салыштырмалуу 30 пайызга көп

3 / 5

Ал эки өлкөнүн ортосундагы сооданын өсүшүнүн негизги фактору болгон "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн да белгиледи

4 / 5

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп: "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бүткүл аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ жана долбоор боюнча иштерди тездетүү жана курулуш иштерин баштоо маанилүү", — деген.

5 / 5

Ошондой эле соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өткөрүү пунктуларындагы жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу, туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалаган

"Кытай тараптын маалыматы боюнча, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылдын жыйынтыгында 19 миллиард 804 миллион долларды түздү, бул жагымдуу көрсөткүч. 2022-жылдагыга салыштырмалуу 30 пайызга көп", — деди Жапаров.
Ал эки өлкөнүн ортосундагы сооданын өсүшүнүн негизги фактору болгон "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн да белгиледи.
"Биз өткөрүү пунктулары күнү-түнү иштешин каалайбыз. Бул Кытайдан Кыргызстанга, андан ары үчүнчү өлкөлөргө дагы чоң көлөмдөгү жүк, товарларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Анда жүктү күнүнө 1000 унаага жеткирүүнү максат кылып жатабыз", — деди Жапаров.
Минкаб төрагасы кытай тарапка Кыргызстандын айыл чарба продукциясын кабыл алуу жана сактоо үчүн "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын жанындагы “Улугчат" бажы зонасында көзөмөл кампасынын курулушун тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилеп: "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу бүткүл аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ жана долбоор боюнча иштерди тездетүү жана курулуш иштерин баштоо маанилүү", — деген.

Ошондой эле соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өткөрүү пунктуларындагы жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу, туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалаган. Ал Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортуна Кытайдын рыногу ачык экенин белгиледи.
Жапаров Кытайдын мамкеңешинин вице-премьерин кабыл алды. Эмне тууралуу сөз болду