Куткаруучулар Ак-Буурада агып бараткан аялдын сөөгүн алып чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Оштогу Ак-Буура дарыясынан куткаруучулар аялдын сөөгүн алып чыгышканын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин министрликке 35-40 жаштар чамасындагы азиат тектүү аялды суу агызып кеткени боюнча маалымат түшкөн. Төрт куткаруучу аялдын сөөгүн агып бараткан жеринен алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.
Бүгүн түштөн кийин Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында сел жүргөн.
Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Ош шаарында сел жүрдү. Видео