Жоокерлерди "сатуу" боюнча иш сотко өттү. Айыпталуучулар камакта эмес

Өткөн жылдын декабрь айында Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн командири менен чогуу дагы эки киши жоокерлерди "сатууга" шектелип кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жоокерлерди "сатуу" боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, иш боюнча эки аскер кызматкери айыпталууда.
"Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөөсүн жыйынтыктады. Айыптоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" беренесинен "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине өзгөртүлдү. Учурда ишти Аламүдүн райондук соту кароодо", — дешти Башкы прокуратурадан.
Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү адамдар аркылуу белгилүү болгондой, ишке айыпталып жаткан эки адам тең чет өлкөгө чыкпоо тил катын жазышкан.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн командири менен чогуу дагы эки киши жоокерлерди "сатууга" шектелип кармалган. Командир томат чыгарган заводго 12 жоокерди мыйзамсыз ишке орноштурганы айтылган болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, жоокерлердин иштеген акысын командир өзү алып турган. Аскердик прокуратура текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Адам сатуу") боюнча иш козголгон эле.
УКМК: адам органдарын сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалды