БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев "Россия — ислам дүйнөсү: KazanForum 2024" эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, сессия суроо-жооп форматында өтүп, тема транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, ислам дүйнөсүнүн мамлекеттери менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.
Касымалиев Россия менен соода-инвестициялык кызматташтык өнүгүп жатканын, Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берген. Ал Россиянын жана Ислам кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин биринчи орун басары Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык, анын ичинде адал индустриядагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берген.
"Кыргызстанда адал индустриясы мамлекеттин колдоосу менен активдүү өнүгүүдө. Аталган чөйрөдө эл аралык өнөктөштөр менен байланыш түзүү да маанилүү. Кыргызстан бул багытта Татарстан жана Россиянын башка региондору менен активдүү кызматташууга даяр", — деди Касымалиев.
Ал форумдун катышуучуларын "Россия адаал ЭКСПО" эл аралык көргөзмөсүндө коюлган Кыргызстандын экспозициясы менен таанышууга чакырды. Ал жакта 100дөн ашык аталыштагы продукция коюлган.
Бул жылы KazanForum иш-чарасына 80 мамлекеттен 20 миңден ашуун адам катышууда.