Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, жөнөкөйлөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу Кантемир Эркебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук документ жүгүртүү кагаз түрүнө караганда ишти бат бүтүрүп, товарларга байкоо салууга көмөктөшөт.
"Салык төлөөчүлөр үчүн министрлер кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги токтомуна ылайык электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонуу бөлүгүндө бир катар жаңы өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Өзгөртүүлөрдүн бири болуп чекене сатууну жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъектилерин, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштегендерди товарлардын калдыгын киргизүүдөн жана аларды эсептен чыгаруудан бошотуу болуп саналат. Мындай ишкерлер ЭТТК системасында каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштеген ишкерлер 2027-жылдын 1-январына чейин өз товарларын экспорттоодо ЭТТКны тариздөөдөн жана товар өндүрүү үчүн чийки затты каттоодон бошотулат. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлуна чейин бардык субъектилер системадагы товар калдыктарын чыныгы калдыктар менен дал келтире алышат. Ал эми башка тармактагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонбогон ишкерлерге жыл башынан бери айып салынууда", — деди Эркебаев.
Ал ЭТТК колдонуу боюнча өзгөртүүлөр тууралуу толук маалыматты 116 номеринен жана жергиликтүү салык органдарынан алууга болорун кошумчалады.