Бишкек: "Музей түнүндөгү" Пушкинге арналган иш-чара. Видео

Улуттук тарых музейиндеги акциянын алкагында орустун улуу акынына арналган да иш-чара болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өлкөнүн бардык аймактарында бүгүн "Музей түнү" акциялары өттү.
Алардын башкысы Улуттук тарых музейинде өтүп, бир эле учурда 50гө чукул иш-чара уюштурулду.
Программада өтө кызыктуу кылып түзүлгөн, "Манас" эпосун айтуудан тарта улуттук кийимдердин көргөзмөлөрү, ар кыл мастер-класстар өттү.
Иш-чаранын бир бөлүгү орустун улуу акыны Александр Пушкинге арналды. Аны Бишкектеги "Русский дом" уюштурду. Программада "А.С. Пушкиндин сыйкырдуу жомоктору", "Александр Пушкиндин жомок дүйнөсү" деп аталган иллюстрациялар, викторина уюштурулуп, "Пушкин жана … Михайловское" мультфильми тартууланды.
Эске салсак, быйыл Россия президенти Владимир Путин Александр Пушкиндин 225 жылдыгын белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Байсалов: улуу орус маданиятын жокко чыгаруу аракетин Кыргызстан четке кагат