Бүгүн түнү Бишкектеги коомдук тартипти милиция менен элдик кошуун көзөмөлдөйт

Күндүз Бишкек шаардык милицияда аскерлердин саптык тизилүүсү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Шаардык милициянын 2 700 кызматкери жана 1000ге чукул элдик кошуунчулар бүгүн түнү Бишкектеги коомдук тартипти сактоо үчүн көчөгө чыгат. Бул туурасында баш калаанын милициясынан кабарлашты.
Бишкек ШИИББде күндүз аскерлердин саптык тизилүүсү болду.
Мындан сырткары, элдик кошуунчулар демилге көтөрүп, тартип сакчыларга көмөктөшмөкчү. Милициядан ыктыярчылардын катарын толуктоону каалагандар Бишкек ШИИББге келсе болорун (Токтогул көчөсү, 64А, Ибраимов көчөсү менен кесилишкен жерде) айтышты.
Эске салсак, 17-май күнү кечинде Бишкекте чет элдиктер жашаган мейманкананын жанына 200дөй адам чогулган. 13-майда бул жерде чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгондугу маалымдалган. Топтолгон адамдарды милиция кызматкерлери курчап, өзүн агрессивдүү алып жүргөн 50дөй кишини кармап, кийин кайра коё берген. Түн оогондо чогулгандардын саны көбөйүп, миңге чейин жеткени айтылган.
Алар менен Бишкек ШИИББдин жетекчиси сүйлөшүү жүргүзүп, топтолгондор таңга жуук тарашкан.
Бул арада мушташка катышкан делип чет элдик үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдиришкен.
Учурда ордо калаада абал туруктуу экенин ИИМ белгилеп, кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтууда. Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы элди коомдо катталган окуяларга кызуу кандуулук жана ачуулануу менен реакция кылбай, сабырдуулукту көрсөтүүгө чакырды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, башаламандыктан 29 киши жабыркаган.
ИИМ жаштарды уруксат берилбеген акцияларга катышпоого чакырды