Бишкекте абал туруктуу. Милициянын акыркы маалыматы

Митингге чыккандар чет элдиктердин көбөйүп кеткенине нааразы болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Учурда Бишкек шаарында абал туруктуу, коомдук коопсуздук милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ бир нече күн мурун чет элдиктер катышкан мушташтан улам миңдей адам топтолуп, нааразылыгын билдирген. Кишилер чогулган жерге ИИМ башчысы орун басарлары менен, ШИИБ жетекчиси келген. Түнү менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин топтолгондор таңга маал тарап, унаа кыймылы калыбына келтирилген.
"Митингдин катышуучуларынын баары таркады. Жабыркагандар да, каза тапкандар да болгон жок", — деп айтылат маалыматта.
Чет элдиктер менен болгон мушташтан кийинки башаламандык. Учурда эмне болуп жатат