Бишкекте жашагандарга 4,5 миң бош жумуш орду сунушталууда

Борбор шаарда жумуш издегендерди иш менен камсыз кылуу максатында жарманке өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек боюнча 4500дөн ашык бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Буга байланыштуу борбор калаада бош орундар жана кесиптер жарманкеси өткөрүлгөн. Анда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы ордо калаа боюнча ар кандай ишканалардагы жана уюмдардагы 4500дөн ашык бош жумуш орундарын жарманкеге келгендерге сунуштаган. Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлери жумуш издегендерге кеңештерди берип, ишти алып кетүүгө жардам бере турган акысыз курстарды сунушташкан.
Эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова бул жылы өкмөттүн тапшырмасы менен өлкөдө 250 миң жумуш оруну түзүлөрүн айтты.
Иш-чаранын алкагында окуучуларга кесипти туура тандоого жардам берүү үчүн алардын жөндөмдөрүн аныктоо максатында мастер-класстар уюштурулуп, кесипке багыт берүү тесттери өткөрүлдү.
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" жумушчуларды ишке чакырат