19-майга карата аба ырайы

19-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жекшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл, Талас аймагында +20…+25, Нарын өрөөнүндө +19…+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +27…+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы