Көңүл бургула! ЖРТга байланыштуу Бишкекте 26 мектеп аралыктан окутулат

ЖРТ үч этап менен жүргүзүлөт, анын экөө май айында уюштуруларын Билим берүү министрлиги билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу борбор калаанын 26 мектеби онлайн-окутууга өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
18-майдан 20-майга чейин Ленин районунун №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96, Свердлов районунун №1, 4, 38, 65, 66, 94 мектептери аралыктан окутулат.
22-24-майга чейин Биринчи май районунун № 6, 24, 27, 28, 69, 83, Октябрь районунун № 3, 39, 62, 63, 64, 88 мектептеринде онлайн-окутуу жүргүзүлөт.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги 18-20-майда ЖРТнын I этабы, 22-24-май аралыгында II этабы өтөрүн билдирген. Ал эми жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21, 22, 23-июнда III этабы өткөрүлөт. Ошондой эле 17-май, 21-май, 20-июнда тест борборлору даярдалат. Бул күндөрү каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Нарында IT боюнча сабактарды башталгыч класста окутуу сунушталат