Таласта жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды

Шектүү параны ортомчу аркылуу арыз ээсине кайтарып берип жаткан жеринен кармалганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматынын инспектору пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматына Айтматов (мурдагы Кара-Бура) районунун тургуну аны инспекторлор токтотуп, тиешелүү категориясы болбогондугуна байланыштуу 15 000 сом бергенин айтып арыз менен кайрылган.
Тергөөдө Айтматов РИИБинин улук тескөөчүсү 300 сом айып салып, бирок арыз ээси тартып алган протоколдун көчүрмөсүндө 15 миң сом көрсөтүлгөнү аныкталган.
"Факт боюнча кылмыш иш козголуп, 16-майда Айтматов РИИБинин улук инспектору А.Т. жана инспектору Э.Ж. 15 000 сомду ортомчу аркылуу ээсине кайтарып берген жеринен кармалган", — деп айтылат маалыматта.
Улук инспектор А.Т. кылмыш жасоого шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган кызматкерлер 21 000 сом акчасын алып койгондугу туралуу дагы бир жаран арыз менен кайрылганы кошумчаланган.
Ташиев: УКМКнын 8 кызматкери жоопкерчиликке тартылды