Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш Зеленскийди сүйлөшүүлөргө макул кылдырууга даярданып жатат

Москва сүйлөшүүлөргө даярдыгын бир нече ирет эскерткен, бирок Киев буга мыйзам менен тыюу салган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Киевди сүйлөшүү принцибин кабыл алууга көндүрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Europe1 радиостанциясы маалымат булагына таянып кабарлаганын РИА Новости жазды.
Радиостанция белгилегендей, Киев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолун тандоого аргасыз. Анткени окуя жагымсыз сценарийде өнүгүп отуруп, Россиянын күчтөрү тарабынан башка фронт ачылып кетиши мүмкүн.
"Батыш өкмөттөрү Владимир Зеленскийди сүйлөшүүлөр принцибине макул болууга көндүрүү үчүн дипломатиялык аракеттерди даярдап жатышат", — деп айтылат Europe1 билдирүүсүндө.
Москва сүйлөшүүлөргө даярдыгын бир нече ирет эскерткен, бирок Киев буга мыйзам менен тыюу салган болчу. Батыш да Россиянын дилгирлигине карабай дайым сүйлөшүүлөргө үндөп, Украинанын диалогдон баш тартканын көз жаздымда калтырып келет. Буга чейин Кремль Украинада тынчтык орнотууга эч негиз жоктугун, Россия үчүн атайын операцияны максатына жеткирүү артыкчылыктуу багыт экенин билдирген. Москванын айтымында, буга азырынча аскердик жол менен гана жетүү мүмкүн болуп турат. Украинадагы абал азыркы кырдаалды жана өзгөрүүлөрдү эске алганда гана тынчышы ыктымал, ал эми Москванын талаптары баарына маалым экени айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина армиясы Россия аскерлери атайын операцияда күчтөнгөнүн мойнуна алды