ЖКККББ автомектептердин унааларын текшерүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автомектептердин унааларын текшерүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү автомектептердин транспорт каражаты менен айдоонун сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
"Рейд 19-майга чейин уланып, кемчиликтер аныкталса айып пул салынууда", — дешти ЖКККББдан.
Балдарга унаа бербегиле! Ош ШИИБи ата-энелер менен ишкерлерге кайрылды